Окуу жайдын жатаканасында бардык шарттар бар. Окуу жайга кабыл алынгандарга окуу жылынын башталышына 25-августтан тартып, жатаканалар атайын бекитилген жобонун негизине бөлүштүрүлө баштайт.
Жатакананын жашоочуларынын милдеттери жана укуктары, алар үчүн түзүлгөн шарттар абдан жакшы. Ар бир комната санитардык-гигиеналык талаптарга жооп берүү менен окуу, эс алуу үчүн бардык шарттары бар атайын бөлмөлөр түзүлгөн: окуу бөлмөсү, телевизорлуу эс алуу бөлмөсү, кир жуугуч автоматтык машина менен жабдылган бөлмө, душ кабинасы бар.
Окуу жайда волейбол, баскетбол ойноочу жана турниктер менен жабдылган спорт аянтчасы бар.
Жатаканада жашоо акысыз.