Мониторинг


№ 59 Кесиптик лицейинин Аккредитациядан

кийинки мониторингинин

ОТЧЕТУ

Окуу жайда аккредитациядан кийинки мониторингдин натыйжалары

1-стандарт: Башталгыч кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу

  • Окуу жай GIZ программасынын негизинде көз карандысыз мамлекеттик экзамендин “Тигүүчү” тайпасы 2019 жылдан баштап уюштурулуп, жогорку деңгээлде өткөрүлдү;

  • Предметтик, кесиптик мугалимдер өз билимдерин 87-89%ке өркүндөтүүдөн өтүштү;

  • Пандемия мезгилинде мамлекеттик экзамендер дистанттык турдө ийгиликтүү өткөрүлдү.

Тастыктоочу документтер: 16.04.2019-ж. Пед. кеңештин № 4 токтому, 26.05.2020-ж. Пед. кеңештин токтому, 2021-окуу жылынан баштап кесиптер көз карандысыз мамлекеттик экзаменден толугу менен өткөнгө мүмкүнчүлүгүк бар.

2-стандарт: Берилүүчү билимдин майнаптуулугун жогорулатуу жана бүтүрүүчүлөрдү ишке орнотууда окуучуларды иш орундары менен камсыздоо

Бутуруучулөрдү иш орундары менен камсыздоо жагы 67-70% ке орношуп жатат.

Тастыктоочу документтер: 2019-окуу жылында-буйрук №61К, №9К бүтүрүүчү – 168. 2020-окуу жылында-буйрук №70К бүтүрүүчү - 132.

3-стандарт: Инсанга багытталган окутуу жана студенттердин жетишүүсүн баалоодо төмөндөгүдөй жыйынтыктар менен бааланусу.

2019-окуу жылынан баштап бүтүрүүчүлөрдүн жетишүү деңгээлин баалодо көз карандысыз мамлекеттик экзаменди уюштуруп, анда 4 протокол түзүлүп, комиссиянын жыйынтыгы менен жыйынтыкталып, окуу жайга баа берип сунушталып өткөрүлдү.

Тастыктоочу документтер: 28.06.2019-ж. пед кеңештин № 6 токтому. Жогору жактан келген иш кагаздары расмий тилде эмес, мамлекеттик тилде келүүсү талап кылынат.

4-стандарт: Кабыл алууда, билим берүүнүн натыйжаларын таануу жана окуучуларды бүтүрүү жагы.

  • Kesip.kg ПЛ-59 сайтына кабыл алууну жарыялап турат, кабыл алууда окуучуларды бесседа,предметтик сабактардан тесттик суроолорду уюштуруп алынат.

  • 02.05. 2019-жылдын жыл сайын пайда болуучу конфиликтик абалдарды чечүү боюнча комиссия курамы түзүлгөн.

Тастыктоочу документтер: 2.05.2019-ж №23 буйруктун негизинде “Конфликти жоюу комиссиясы тузулгөн.

5-стандарт: Окутуучулук жана окутуучу-көмөкчү курамга минималдуу талаптарга жумушка кабыл алууда төмөндөгүдөй дал келүүсү. Кесиптик жана предметтик окуу китептердин жетишээрлик жагы.

  • Окуу жайдын жумушка кабыл алуу жөнүндөгү ЖОБОсу колдонулат жана кадрдык кесипке 90%ке дал келет:

  • Кесиптик, предметтик,усулдук колдонмолор, окуу китептери 85-90%ке дал келет.

Тастыктоочу документтер: ЖОБО колдонулат жыл сайын. Накладная №40, РНМЦ-окуу китеби-72шт. РУАЛ. Фонд - 10 шт. МОТ – 44 шт. Электрондук китепкана 2021-2022-окуу жылында ишке ашырылуусу пландалды.

6-стандарт: Материалдык техникалык база жана маалымат ресустарын жакшыртуу боюнча төмөндөгүдөй жумуштар аткарылды

  • Окуу жайдын 3кабат корпусунун эшик терезелери пластик түрүндө коюлду, видио байкоолор орнотулду, жылытуу системалары жаңыланды, күнөскананын үстү кайрадан жаңыланды, кааналар жумшак жана катуу инвентарлар менен толукталды.

  • Интернет системалары менен камсыздалууда.

Тастыктоочу документтер: ОсОО “Строй-город”, ”Информационно-технический центр Арсенал”, ОсОО ”Чакан Таш”, ОсОО ”Уют стил”, 2021-2023 окуу жылына жабык типтеги спорт клубун куруу жагы каралган., Кесиптерге багытталган жаңы типтеги техникаларды алуу жагы каралган.

7-стандарт: Маалыматты башкаруу жана аны коомчулукка жеткируу боюнча төмөндөгүлөр аткарылды:

Kesip.kg/ПЛ59 сайты ачылды.

Тастыктоочу документтер: Nargiza Sarbashova, Kesiptik lisei 59. 2021-жылдын январь айынан интернет булагы ишке кирет.